12 жылдык билим берүү. ЖОЖдогу бакалавр мөөнөтү кыскарат - министр

Билим Загрузка... 11 Март 2025 10:01
WhatsApp Image 2025-03-10 at 13.31.11.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде мектептерге жаңы билим берүү системасын киргизүү менен жогорку окуу жайларда кандай өзгөрүүлөр болорун айтып берди.

“12 жылдык билим берүү менен бардык балдарды 12-классты бүтүрүүгө мажбурлабайбыз. Бул, тескерисинче, жогорку сапаттагы кесиптик билим алууга багытталган багыт десек болот. Кесиптик лицейлерди жана окуу жайларды бекемдейбиз. Так илимдерди окутуп, 10-класстын базасын чыңдайбыз. Балдар математика, химия, физика жана чет тилдерин тереңдетип окушат. Жогорку окуу жайларына тапшыра турган балдар мектептен эле даярдана баштайт. Кайталануучу сабактардагы сааттар да кыскарат. Азыр мектепте балдар окуган предметтер университеттерде да окутулат. Жаңы системанын киргизилиши менен бакалавриатта окуу мөөнөтү да кыскарат”, - деди ал.

Ошондой эле министр ата-энелер балдардын баары эле ЖОЖдорго бара албастыгын, бирок бардык балдар эмгек рыногунун атаандаштыкка жөндөмдүү катышуучусу болууга тийиш экенин түшүнүшү керектигин белгиледи.