12-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 12 Июнь 2026 09:25
721223958_3870495326426971_3642989549288194922_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 11-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +30...+35, Баткен облусунда +29...+34, Талас облусунда +28...+33, Ысык-Көл облусунда +23...+25, Нарын облусунда +22...+27 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +31...+33 градус болушу күтүлөт.