Бишкек, 28.05.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги жер алдындагы Old Bishkek көп тармактуу комплекстин курулушуна мезгил кутусу салынды. Ага Бишкек шаарынын мэри, ишкерлер, калаа тургундары катышты.
Комплекс Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жайгашат. Ал борбордогу биринчи көп тармактуу жер алдындагы комплекс болуп, соода мейкиндигин, жөө жүргүнчүлөрдүн инфраструктурасын жана коомдук кызматтарды өзүнө камтыйт. Көп тармактуу комплекстин жалпы аянты 21 110 чарчы метрди түзөт. 14 кирүү жана чыгуу эшиктери, 12 эскалатор, 16 лифт, 250 унаага ылайыкташкан токтотуучу жай болот. Транспорт кыймылы үчүн бул тилкедеги жол 6-8 айдын ичинде ачылат деп күтүлүүдө.