12-августта 10-кичи райондун бир бөлүгүндө суу өчөт

Коом Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 17:40
1786101748_large.jpeg
1786101707.jpeg
Алдыга
Артка
1786101748_large.jpeg
1786101707.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. 12-августта Бишкектеги 10-кичи райондун бир бөлүгүндө суу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичи райондогу откананын суу түтүгүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жашоочуларды жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.