11:00гө карата өлкөдө шайлоочулардын 7,65 пайызы атуулдук милдетин аткарды

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 11:32
591619340_116170003.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon БШК

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда жана өлкөдөн тышкаркы аймактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 11:00гө карата шайлоочулардын 7,65 пайызы, же 328 миң 461 адам добуш берди.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округдан 460 талапкер ат салышууда, анын 271и эркектер, 189у аялдар.

Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.