11-июндан тарта Өзбекстандан Ысык-Көлгө автобус каттай баштайт

Коом Загрузка... 04 Июнь 2025 10:50
avtobus-issyk-kul_04 (1).jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.06.25. /Кабар/. 2025-жылдын 11-июнунан тарта “Uzautotrans Service” ЖЧКсы Ташкент — Чолпон-Ата багыты боюнча сезондук автобус каттамын жандантып, ишке киргизет. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Каттамдар күн сайын Yutong үлгүсүндөгү ыңгайлуу автобустар менен аткарылат.

Автобус Ташкент шаарындагы борбордук автобекеттен күн сайын саат 15:00дө жөнөйт.

Билеттердин баасы — 300 миң сум (24 доллардан ашык).