Аптаптуу ысык: 11-августка карата аба ырайы

Коом 11 август 2026 10:45
Аптаптуу ысык: 11-августка карата аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 11-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн республиканын айрым аймактарында жаан-чачын жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Талас облусунда +29...+34, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын облусунда +20...+25 градус болот.

Бишкек шаарында абанын табы +35...+37 градуска жетет.