11 айда Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүcү $903 млн ашты

Экономика Загрузка... 23 Декабрь 2025 17:10
p_23_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.12.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүсү 903,7 миллион долларды түздү. Бул туураулуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилинде 737,2 миллион долларды түзгөн.

Жылдын өткөн мезгилинде Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 72,8 миллиард долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 018,4 миллион долларга же 21,8%га өскөн.

Тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнөн экспорт 30 894,8 миллион долларды, ал эми импорт 41 885,4 миллион долларды түзгөн. Натыйжада, терс сальдо 10 990,6 миллион долларды түзгөн.

Өзбекстан 210 өлкө менен соода жүргүзүп келет. Тышкы соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү Кытай (20,1%), Россия (16,2%), Казакстан (6,0%), Түркия (3,7%) жана Корея Республикасы (2,2%) менен катталган.