Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. 11 айда “Айыл Банктын” таза кирешеси 7,8 млрд сомго жетти. Бул тууралуу "Айыл Банк" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимжанов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кредиттик портфель 85,5 млрд сом болсо, депозиттик портфель 152,5 млрд сомду түздү.
Тилек Алимжанов белгилегендей, кредиттик жана депозиттик портфелдердин көлөмү өскөнү байкалууда.
“Депозиттик портфель 2021-жылы 22,9 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 152,5 млрд сом болду. Ал эми кредиттик портфель 2021-жылы 24,9 млрд сом болсо, быйыл бул көрсөткүч 85,5 млрд сомго жетти”, - деди ал.
Ошондой эле “Айыл Банк” мамлекеттик программалар аркылуу кардарларды каржылоо иштерин активдүү жүргүзүп келет. Жыл башынан бери мамлекеттик программаларды каржылоо 5 млрд 861 млн сомду түздү. Бул каражаттан 5076 жолу насыя берилди.

"Айыл Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы банк тарабынан жалпы суммасы 66,9 млрд сом өлчөмүндө насыялар берилген.
Аларды багыттар боюнча бөлүп карай турган болсок:

Мындан тышкары, банк лизинг аркылуу каржылоону да ийгиликтүү улантып келет. 11 айда 6 млрд 452 млн сом лизингге багытталды:
- Өнөр жай жана курулуш – 494,1 млн сом,
- Айыл чарба – 4947,3 млн сом,
- Соода – 79,24 млн сом,
- Транспорт жана байланыш – 886,45 млн сом,
- Башка багыттар – 34 млн сом.
Ошол эле маалда “Айыл Банк” жаңы карталарды жана төлөө продуктуларын пайдаланууга киргизүүнүн үстүндө тынымсыз иш алып барууда. Учурда банктын Элкарт жана VISA виртуалдык карталары жеткиликтүү.
“Бүгүнкү күндө кардарлар банктын мобилдик тиркемесин көчүрүп алып, виртуалдык карталарды алып, эч көйгөйсүз колдоно берүүгө болот. Бул карталар онлайн сатып алууларга колдонууга ыңгайлуу. Элкарт НUMO карталары Өзбекстанда чыгарылган. Бул картанын колдонуучулары Кыргызстанга келип, биздин банктын банкомат жана терминалдарынан төлөм жүргүзүп же акчаны накталай алууга болот. Ошондой эле “Айыл Банктын” карталарын колдонгондор Өзбекстанда да пайдалана алышат. Контактсыз төлөм жабдуулары: браслет, шакектер да кардарларга колдонуу үчүн сунушталат. Аларда кадимки картадагыдай эле чиптер киргизилген. Сиз картаңызды колдонуп отурбай браслетти же шакек аркылуу эле төлөм жүргүзөсүз. Visa business карталарын биз быйыл чыгардык. Бул корпоративдик карталарды пайдалана тургандарга арналат”, - деп белгиледи Тилек Алимжанов.
Ал ошондой эле банктын 2026-жылга карата пландары менен да бөлүштү.
- Рынокто лидерлик позицияны сактоо жана бекемдөөгө,
- “Ислам терезеси” багытын өнүктүрүү жана жаңы продуктуларга лицензия алуу,
- Санариптик трансформацияны күчөтүү
- Сайтты жаңылоо жана жасалма интеллект-жардамчыны ишке киргизүү,
- Жаңыланган башкы кеңсени ачуу,
- Капиталдын эл аралык рынокторуна чыгуу,
- Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү,
- Кардарларда көрсөтүлчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана филиалдарды кеңейтүү.