108 млн сом бөлүнгөн. Ак-Сууда машина-трактордук станция түзүлдү

Аймак 24 ноябрь 2025 16:51
IMG_8962.JPG
IMG_9053.JPG
IMG_9050.JPG
IMG_9049.JPG
IMG_9046.JPG
IMG_9044.JPG
IMG_9042.JPG
IMG_9038.JPG
IMG_9036.JPG
IMG_9023.JPG
IMG_9020.JPG
IMG_9018.JPG
IMG_9004.JPG
IMG_9002.JPG
IMG_8999.JPG
IMG_8988.JPG
Алдыга
Артка
IMG_8962.JPG
IMG_9053.JPG
IMG_9050.JPG
IMG_9049.JPG
IMG_9046.JPG
IMG_9044.JPG
IMG_9042.JPG
IMG_9038.JPG
IMG_9036.JPG
IMG_9023.JPG
IMG_9020.JPG
IMG_9018.JPG
IMG_9004.JPG
IMG_9002.JPG
IMG_8999.JPG
IMG_8988.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Ак-Суу районунда машина-трактор станция уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты.

Аталган станция Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда картошка өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу жана анын өздүк наркын төмөндөтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатында ишке ашырылды.

МТС уюштуруу үчүн президенттин фондунан 108 млн сом бөлүнүп берилген. Учурда 32 техника алып келинди. Анын ичинен 10у картошка казуучу комбайн. Дагы 60тан ашык техникалар заводдорго буйрутма берилип жасалып жатат.

МТСтин материалдык техникалык базасын түзүү үчүн Ак-Суу айылынан 0,54 га жер аянтын ээлеген мурунку Сельэнерго ишканасынын административдик корпусу жана курулуштары өткөрүлүп берилген.