10:00гө карата. Ысык-Көл облусунда 7988 шайлоочу добуш берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 10:30
WhatsApp Image 2025-11-30 at 10.27.40.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы 7 округга караштуу 250 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүүдө. Учурда 7988 шайлоочу добуш бергенин президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, облуста жалпысынан 353 миң 516 шайлоочу бар.

Саат 10:00гө карата добуш бергендердин саны төмөндөгүчө.

  • Ак-Суу району – 1331 же 2,9%;
  • Ысык-Көл району – 1479 же 2,3%;
  • Түп району – 1488 же 3,2%;
  • Тоң району – 1154 же 2,8%;
  • Жети-Өгүз району – 1020 же 1,5%;
  • Каракол шаары – 1135 же 2,2%;
  • Балыкчы шаары – 381 же 1,1%.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.