10:00. Ош облусунда 19 миң 623 жаран атуулдук милдетин аткарды

Аймак Загрузка... 30 Ноябрь 2025 10:50
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Ош облусунда саат 10:00гө карата шайлоочулардын 2,4 пайызы, же 19 миң 623 адам добуш берди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпы 8 шайлоо округу түзүлүп, 511 шайлоо тилкеси ачылган. Аймакта жалпы 811 миң 906 шайлоочу бар.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.