10 жылга чейин камалат. Казакстанда кыз ала качкандарга жаза күчөтүлдү

Борбор Азия Загрузка... 05 Ноябрь 2025 08:50
17622484945317839704_1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Казакстанда кыз ала качкандарга жаза күчөтүлдү. Бул тууралуу Polisia.kz сайты жазды.

Өлкөдө Кылмыш-жаза кодексине никеге туруу максатында адам уурдоо үчүн жазаны караган жаңы өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин 15 адам кармалып, 7 кылмыш иши козголду.

2025-жылдын сентябрь айында киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, адамды өз эркине каршы никеге туруу максатында ала качуу, ошондой эле никеге же чогуу жашоого мажбурлоо үчүн 7 жылга чейин, оордотуучу жагдайлар болгондо 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Эми жабырлануучунун бошотулушу кылмышкерди жоопкерчиликтен бошотпойт.