10-майдан баштап айыл өкмөттөрдө эл менен жолугушуулар өтөт – президент

Президент 15 апрель 2026 16:35
10-майдан баштап айыл өкмөттөрдө эл менен жолугушуулар өтөт – президент
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. 10-майдан баштап бардык айыл өкмөттөрдө эл менен жолугушуулар өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, ага жергиликтүү бийлик органдарынын, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери катышат.

Бул иш жарандардын кайрылууларына түздөн-түз жеринде ыкчам жооп берүү үчүн уюштурулууда.