Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер арасында спартакиада өтүүдө

Спорт 14 октябрь 2026 09:20
845103487_1125106406529242_4629332089953387768_n.jpg
847747714_1125106369862579_6560248264435463647_n.jpg
846506584_1125106326529250_1761480682518193841_n.jpg
843400879_1125106513195898_4923904647845716063_n.jpg
844445731_1125106353195914_4134292581366052944_n.jpg
844774278_1125106583195891_4175974979887674563_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. 13-октябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин спартакиадасы башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чара мамлекеттик кызматкерлер арасында сергек жашоо образын калыптандыруу жана спортту жайылтуу максатында уюштурулду.

Агенттиктин директору Урмат Асанбаев спартакиада көп жылдан бери өткөрүлбөй келгенин белгилеп, мындан ары жыл сайын уюштуруларын билдирди.

Мелдештер 19-октябрга чейин уланып, катышуучулар волейбол, футзал, тогуз коргоол, шахмат жана стол тенниси боюнча күч сынашат.

Спартакиада эки тайпада өткөрүлөт: күч түзүмдөрү, ошондой эле министрликтер менен башка мамлекеттик органдар.