Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 10-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +32...+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Талас облусунда +29...+34, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын облусунда +21...+26 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +34...+36 градуска жетет.