Бишкек, 01.01.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-январда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, кээ бир аймактарга туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй жергесинде 2…7, Талас аймагында 0…5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө 3…8, Ысык-Көл облусунда 1...6 градус жылуу болсо, Нарында -7…-12 градус суук болот.
Ал эми Бишкек шаарында +4…6, Ош шаарында +6…8 градуска чейин көтөрүлөт.