Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет.
Ведомстводон белгилешкендей, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл:
— ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы;
— үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы.
2026-жылы төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы тууралуу маалымат салык төлөөчүнүн кабинетинде жайгаштырылган. Ошондой эле төлөм кодун же QR-кодду түзүп, салыкты онлайн төлөөгө болот.
Белгилей кетсек, салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда карыздын суммасына мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн 0,09 % өлчөмүндө туум эсептелет.