Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Жарандар мүлк салыгын Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн түрдө төлөй алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жаңы мүмкүнчүлүк салыктарды кезексиз, тез жана ыңгайлуу төлөөгө шарт түзөт.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү салыктарды төлөө зарыл:
- ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган турак үйлөргө жана батирлерге болгон салык;
- үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер тилкелерине болгон салык.
Салык төлөө тартиби боюнча кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан же Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтынан алууга болот.