1 күмүш, 2 коло. Балбандар бел боо күрөшү боюнча дүйнө кубогунан байгелүү кайтты

Спорт Загрузка... 21 Ноябрь 2025 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. 19-20-ноябрда Башкортостандын Уфа шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандык балбандар байгелүү орундарды ээледи.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 62 кг салмак категориясында күч сынашкан Толубай Шүкүров жана 100 кг салмак ченинде таймашкан Баяман Мыктыбековдор 3-орунду алып, коло байгенин ээси болду.

Ал эми +100 кг салмак категориясында күрөшкөн Бактияр Мирлан уулу 2-орунду алып, күмүш медаль жеңди.

Бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы дүйнө кубогу Бел боо күрөшү боюнча дүйнөлүк жана Бүткүл россиялык федерациялардын негиздөөчүсү Риф Гайнановдун жаркын элесине арналды.

Мелдешке дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 150 балбан, ошондой эле Италия, Беларусь, Грузия, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандан келген эл аралык бел боо күрөшү жана улуттук спорт түрлөрү боюнча федерациялардын делегациялары катышты.

Улуттук курама команда машыктыруучу Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилигинде катышты.