1-класска кабыл алуу уланууда: ата-энелер бош орундуу мектепти тандай алышат

Коом 13 июль 2026 18:05
1-класска кабыл алуу уланууда: ата-энелер бош орундуу мектепти тандай алышат

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы уланууда.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул этапта ата-энелер жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектепти тандап, баласын каттай алышат.

Маалыматка ылайык, электрондук каттоонун экинчи этабында 121 миңден ашуун бала катталды. Ал эми жалпысынан 193 миң 318 квота ачылган.

Өтүнмөлөрдү 1mektep.edu.gov.kg сайтынан, "Түндүк", MegaPay жана башка банк тиркемелеринен жиберүүгө болот.

Белгилей кетсек, быйыл 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынууда.