1-класска электрондук каттоо башталат. Ата-энелер эмнени билиши керек?

Билим Загрузка... 26 Март 2026 18:00
481974791_660356239701077_31506.max-320x180.format-webp.webp
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда балдарды 2026-2027-жаңы окуу жылына карата 1-класска кабыл алуу саналуу күндөрдөн кийин башталганы турат. Анткени Агартуу министрлиги “Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо” санариптик технологиялык тутуму жөнүндө жобосун бекитти.1-апрелден тартып ата-энелер Агартуу министрлигинин 1mektep.edu.gov.kg/ru сайты аркылуу мектеп богосогун аттай турган уулун же кызын онлайн түрдө мектепке каттатышы керек. “Кабар” агенттиги бул ирет билим берүү уюмуна баласын киргизүүгө камынган ата-энелерге электрондук каттоо тууралуу айтып берет.

WhatsApp_Image_2025_cP0gaQV.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

1-класска канча жаштагы балдар кабыл алынат?

  • 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар;
  • 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар.

Ал эми 8 жаштан улуу балдар же баланын же ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн ким экендигин тастыктаган документтери жок балдар мектепке балдар иштери боюнча комиссиянын чечими менен кабыл алынат.

1mektep.edu.gov.kg/ru сайтынан каттоодон өтүү зарыл

655953690_1405817578255295_7271433158675668037_n

Баланы мектепке кантип каттоо керек?

  1. 1mektep.edu.gov.kg/ru сайтынан каттоодон өтүңүз
  2. ЖИН жана сыр сөз менен авторизация кыласыз
  3. “Өтүнмө берүү” баскычын басасыз
  4. Балаңызды тандайсыз
  5. Мектепти жана окутуу тилин белгилейсиз

“Электрондук каттоо ” санариптик технологиялык тутумунда баланын жана арыз ээсинин маалыматтары "Түндүк” системасы аркылуу каралып чыгат.

Арыз ээси жөнүндө маалымат:

–жеке идентификациялык номер (ЖИН);

–аты-жөнү;

–жынысы;

–туулган күнү, айы, жылы;

– паспорт маалыматтары (серия, номер, берилген датасы, жарамдык датасы жана берүүчү орган);

– байланыш маалыматтары (уюлдук телефондун номери, жумушчу телефону);

– электрондук почта.

Бала жөнүндө маалымат:

–Жеке идентификациялык номер (ЖИН);

–аты-жөнү;

–жынысы;

–туулган күнү, айы, жылы;

–туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (берүүчү орган, берилген датасы, серия жана номер).

Электрондук каттоо өлкөнүн бардык аймактарында эки этапта жүргүзүлөт:

I этап (1-апрель, саат 10:00):
– Микроучасток (жашаган жер) боюнча катталган балдар

II этап (1-июнь, саат 10:00):
– Микроучастокко кирбеген, бирок бош орун бар мектептер

Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай, электрондук каттоону, анын ичинде башка мектепти тандаш үчүн өтүнмөнү үч жолудан ашык эмес жокко чыгарууга болот. Үчүнчү жолу жокко чыгаргандан кийин системада кайрадан жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилбейт.

Эгерде эгиз балдардын (ошондой эле үч/төрт эмдер) бири ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү тарабынан жалпы билим берүү уюмуна белгиленген квотанын чегинде катталган болсо, анын экинчи (же тиешелүү үчүнчү/төртүнчү) түгөйү ошол эле жалпы билим берүү уюмуна милдеттүү түрдө кабыл алынат, мында мындай учурларда мектеп үчүн окуучулук орундардын саны (квота) автоматтык түрдө тиешелүү санда көбөйтүлөт.

Мектепте эмгектенген педагогикалык кызматкерлерге өз балдарын иштеген жери боюнча (квотадан тышкары) билим берүү уюмуна артыкчылык менен кабыл алуу укугу берилет.

2022-04-07_11-31-44.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү – арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Эгерде ата-эненин жеке кабинетинде мектепке чейинки жаштагы балдары көрүнбөсө, анда аларды өзүнүн жеке кабинетине кошуу же Агартуу министрлигинин кол-борборуна жана балдарды ата-энесине байланыштыруу (туулгандыгы тууралуу күбөлүктү санариптештирүү) зарыл. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү санариптештиргенден кийин, ата-эне/мыйзамдуу өкүл өзүнүн жеке кабинетиндеги маалыматты жаңыртышы керек;
  • Мыйзамдуу өкүлдөр баланы мектепке каттоо үчүн 1mektep.edu.gov.kg платформасы аркылуу өзүнүн жеке кабинетинде каттоону жүзөгө ашырат жана мыйзамдуу өкүл экендигин тастыктаган документти милдеттүү түрдө жүктөөгө тийиш. Мындай документ катары сот актысы же социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын актысы гана кабыл алынат. Мыйзамдуу өкүл эки баладан ашпаган баланы каттата алат.
  • Баланы 1-класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгандан кийин, 4-августан 5-сентябрга чейин мектепке төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкат;

– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкат.

Ал эми мектептин жетекчисине/жооптуу адамга 1-классына балдарды кабыл алуу үчүн ушул башка документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Балдарды биринчи класска кабыл алууда балдардын билим деңгээлин аныктоого багытталган тест, экзамен, сынак жана аңгемелешүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.

Электрондук каттоонун биринчи этабында ата-энеге/мыйзамдуу өкүлгө жашаган жери боюнча тиешелүү мектептин микроучастогуна кирген жалпы билим берүү уюмдары гана көрсөтүлөт. Эгерде тутум аркылуу жалпы билим берүү уюму көрсөтүлбөсө, ата-эне/мыйзамдуу өкүл жакынкы мектепке кайрылып, өзүнүн туруктуу жашаган жери боюнча дареги микроучастоктун чек араларынын тизмесине киргизилгендигин тактоого тийиш.

Дарек чындап эле тиешелүү микроучастокко таандык болгон учурда, мектеп тарабынан микроучастоктун маалыматтарын тактоо жана жаңыртуу боюнча чаралар көрүлөт.

Электрондук каттоодон кечиккенде эмне кылуу керек?

Балдарды каттоодо белгиленген мөөнөттөн кечиккен учурда 1-класска кабыл алуу ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арызынын негизинде Аймактык билим берүү органдарынын балдар иштери боюнча комиссиянын чечими менен кабыл алынат.

Окуу жылы башталганда келген ата-эне/мыйзамдуу өкүл электрондук арыз берүү аркылуу бош орундары бар мектепти тандайт жана “Күндөлүк” автоматтык маалыматтык системасы аркылуу каттоодон өтөт.

Ал эми баланы жардамчы мектепке жана түзөтүүчү класстарга кабыл алуу санитардык ченемдерге жана эрежелерге, жалпы билим берүү уюмунун уставына ылайык, ошондой эле психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын жолдомо катынын негизинде электрондук каттоодон тышкары жүргүзүлөт.