Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Учурда Бишкек шаарындагы мектептердин 1-2-классына балдарды кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу мэрдин орун басары Виктория Мозгачева маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата борбор калаадагы мектептерде 1840 орун бош, жеңилдетилген тизмеге киргендердин балдары үчүн 1937 орун бар.
“6-7 жаштагы балдар мектепке барат. Ата-энелерге онлайн каттоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 6 жаштагылар 1-класска, 7 жаштагылар 2-класска барат. Бир дагы бала мектепке кабыл алынбай калбайт”, - деп белгиледи ал.
Ошондой эле мэрдин орун басары кошумчалагандай, жылдан-жылга шаарда окуучулардын саны өсүп жатат. Жылыга 10-12 миң балага көбөйтүп турчу. Акыркы маалыматтарга ылайык, шаардын аймагынын кеңейгендигине байланыштуу жалпы окуучулардын саны 236 миң окуучуну түздү.