Кочкор районунун Эпкин айылынын тургундарын көптөн бери бала бакча маселеси түйшөлтүп келет. Айыл түптөлгөндөн тарта бир да мектеп жашына чейинки билим берүү имараты курулган эмес. Мындан улам элет эли балдарын күн сайын коңшу Чолпон айылына ташууга аргасыз. Барып-келген аралык 14 чакырымды түзөт. Жергиликтүүлөрдүн көйгөйүн кабарчыбыз жеринен угуп келди.
"Биздин айылда бала бакча жок. Балдарды Чолпонго жөнөтөбүз. Жол алыс, эрте тургузабыз. Уйкусу канбайт, ыйлашат. Машинасы барлар өздөрү жеткирет. Жоктор бирөөнү жалдайбыз. Көп жылдан бери ушинтип эле келе жатабыз", — дейт Эпкин айылынын тургуну Чынар Ирсалиева.
Кочкор районундагы Эпкин айылында күнүмдүк турмуш ушундай. Айрым ата-энелер биригип, балдарды кезектешип ташууга өткөн. Айрыкча кыш мезгилинде бала бакчага жетүү элеттиктер үчүн өзүнчө бир чоң көйгөй.
"Бала бакчага биздин айылда 30дай бала барат. Жети ата-эне биригип, кезек менен ташыйбыз. -20, -30 градус суукта машина от албай калат. Ошондо бири-бирибизге жалдырайбыз. Кимдики от алса, ошол жеткирет", — деп кошумчалады айылдын дагы бир тургуну Адилет Ниязбек уулу.
Бир айылда эки башка балалык. Айрымдары бала бакча деген эмне экенин билбей эле чоңоюп жатат. Бул, албетте, айрым ата-энелерди кабатырлантпай койбойт. Айтымдарында, мектеп жашына чейинки билим берүү мекемесине каттабаган балдар өнүгүү, коомго аралашуу жагынан артта калып жатышат.
"Беш балам бар. Экөө бала бакчага барчу куракта. Кээде шартыбыз болбой калат, жибербейбиз. Бала бакчага барган бала менен үйдө отурган бала айырмаланат. Ошол үчүн ата-энелер өзүбүз мугалим болуп калдык", — дейт айыл тургуну Атыркүл Матаева.
Долбоор бар. Жер бар. Бирок чечим жок. Бүгүнкү күндө айылда 120дан ашуун бала мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Бул көйгөйдү тургундар жылдап көтөрүп келишет. Бирок маселе али чечиле элек.
"2016-жылдан бери суранып келе жатабыз. 103 орундук бакчанын долбоору даяр. Болгону каржылоо чечилбей жатат. Бюджеттен карап берсе, маселе чечилет эле", — деп кайрылды Эпкин айылынын тургуну Жолдошбек Жусупов.
Бала бакча билимдин алгачкы пайдубалы. Бирок Эпкин айылында бөбөктөрдүн баары эле бала бакчага бара албайт. Ошентсе да ата-энелердин үмүтү өчпөй келет. Ал эми өкмөт жактан жакшы кабар дагы эле кечигүүдө.