Алайда эскилиги жеткен прокуратура имараты жаңыланды

Аймак 23 Январь 2026 15:43
617598370_1209365881382462_2523287881778346036_n.jpg
617072844_1209365941382456_2187488735281656018_n.jpg
619113411_1209365794715804_4816326268530918094_n.jpg
616022760_1209366014715782_5035045287929142467_n.jpg
616040143_1209365648049152_895990584358694906_n.jpg
617664698_1209365688049148_6322303539192386284_n.jpg
618073443_1209365854715798_3348921141754209134_n.jpg
619352788_1209365981382452_6892574764215044250_n.jpg
619610508_1209366011382449_4929527377503137024_n.jpg
619833051_1209365691382481_3663179154535214545_n.jpg
620000940_1209365781382472_3354556363510714918_n.jpg
620107581_1209365948049122_4567845487785164386_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Алай райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ачылыш аземине катышкан башкы прокурор Максат Асаналиев мыйзамдуулукту камсыз кылууда жана жарандардын укуктарын коргоодо райондук прокуратуранын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн арттырууга толук шарттар түзүлүп, жаңы имарат кызматтык милдеттерди татыктуу аткарууга жаңы дем берээрин баса белгиледи.

Алай районунун прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1968-жылы курулуп, эскилиги жеткен имаратта иштеп келишкен. Жаңы имараттын курулушу кыска мөөнөттө толугу менен аяктап, кызматкерлер заманбап жана зарыл болгон шарттар менен камсыздалды.

Белгиленгендей, учурда өлкө жетекчилиги тарабынан прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, көзөмөлдүк ишмердүүлүктүн жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында көптөгөн кызматтык объекттер курулуп жатат.