Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Кара-Суу районунда кубаттуулугу 27 МВт болгон Папан чакан гидроэлектр станциясынын курулушу уланууда.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда төмөнкү иштер аткарылды:
- гидроэлектр станциясынын имараттары курула турган аймакка чейинки узундугу 8 чакырымды түзгөн убактылуу жүрүүчү жолдун курулушу аяктады;
- Папан суу сактагычынын чөйчөгүндө суу алуучу курулманы куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди;
- ГЭСтин имаратын жана 110 кВ чыңалуудагы ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү (ОРУ-110 кВ) камтыган өндүрүштүк түйүндү куруу үчүн жерлерди бөлүү жана трансформациялоо боюнча жол-жоболор жүргүзүлүүдө;
- курулуш мезгилинде электр энергиясын пайдалануу үчүн техникалык шарттар иштелип чыгып, макулдашылды;
- Папан ГЭСинен "Узловая – Беш-Мойнок" 110 кВ аба чубалгысына (ВЛ-110 кВ) чейин аба электр берүү чубалгысын тартуу үчүн таянычтарды орнотууга керектелүүчү жер тилкелерин бөлүү маселелери каралууда.
Мындан тышкары, курулуштун алдын ала планы аныкталып, суу сактагычтын аймагына кирүүгө уруксат алынды жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, Папан ГЭСинин курулушуна 2024-жылдын 5-октябрында капсула салынган.