Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 3 доза менен 177 миң киши гепатит оорусуна каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, эң жакшы көрсөткүч болуп гепатиттин С түрүнө чалдыккан 4 миң 200гө жакын киши оорудан айыкканы болду.
“Бул эмдөөдөн өткөн 177 миң киши гепатит В жана D оорусун жуктурбайт дегенди түшүндүрөт. Гепатит В жана D дегенибиздин себеби, эки вирус чогу жүрөт. Кыргызстанда гана эмес дүйнө жүзүндө гепатит жуктуруп алгандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. 2022-жылдан кийинки статистиканы алсак, өлкө боюнча гепатиттин В, С жана D түрлөрүнө 1 млн 200 миңге жакын анализдерди жасадык. Анын ичинен 32 миң 300гө жакын гепатиттин В түрүн, 17 миң 892 гепатиттин С түрүн ошондой эле 429 гепатиттин D түрүн аныктадык. Бул лабораторияга кайрылгандардан эле аныктаганыбыз, ал эми кайрылбаган дагы жарандар бар”,- деди Чокморова.
Дарыгердин айтымында, гепатиттин В, D түрүнүн алдын алуунун эң биринчи ыкмасы бул эмдөө жүргүзүү болуп саналат.
“2022-жылдын аягынан тартып, 23 жаштан өйдө курактагы жарандарыбызды эмдей баштадык. Гепатит оорусуна каршы эмдөө негизинен 3 доза менен жүргүзүлөт. Биринчи дозадан кийин 1 айдан кийин экинчиси, андан соң үчүнчү доза 6 айдан кийин алынат. Биздин максатыбыз БУУнун сунушуна ылайык, башка өлкөлөр менен катар 2030-жылга гепатиттин, ВИЧтин, туберкулездун катталуусун жоюу максатына жетишүү”,- деди ал.
Эске салсак, 2022-жылдын аягынан баштап, жугуу жолунун окшоштугун, дарылоо ыкмаларын, лабораториялык потенциалды эске алып Спид борборуна гепатит ооруларын аныктоо кошулган.