Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Таласта суу эсептегичтерди орнотуу долбоорун ишке ашырууда одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтынмаалыматына ылайык, натыйжада мамлекетке 23 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
2019-жылы "Таза Суу" муниципалдык ишканасы "P" ЖЧКсы менен 6000 суу эсептегичти жеткирүү жана орнотуу боюнча 349,7 миң еврого келишим түзгөн. Келишимге жабдууларды жеткирүү, орнотуу, ишке киргизүү, текшерүү жана кабыл алуу актыларын жумушчу абалда тариздөө кирген.
Бирок, текшерүүнүн жүрүшүндө берилген эсептегичтер иштебей турганы, болжол менен 580 эсептегич жок экени, 4000 метр полиэтилен түтүктөрүнүн метри 35 евродон (болжол менен 3500 сом) сатып алынганы, ал эми алардын чыныгы баасы (сатып алуу мезгилинде) 15 сомдун тегерегинде болгону аныкталды.
Кепилдик мөөнөтү аяктагандан кийин подрядчынын кепилдик төлөмдөрү эч кандай сапат же жумуштун аткарылышын текшербестен кайтарылып берилген. Андан тышкары, 2022-жылдан бери жашоочулар эсептегич системасын ишке киргизүү жарыяланганына карабастан имаратта жашаган адамдардын санына жараша эски система боюнча суу үчүн акы төлөп келишкен.
Учурда подрядчик бул каражатты толугу менен УКМКнын атайын эсебине кайтарып берди.