Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Зордук-зомбулук маселесин чечүүдө аял-судьялар ар бир ишке сезимталдык менен мамиле кылып, маселени тереңинен карайт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова билдирди.
Анын айтымында, аял жана эркек судьялар бир эле ишти караганда, маселеге ар башка көз караш менен мамиле кылышат.
“Эркектер такыр көңүл бурбайт деп айтуудан алысмын. Бирок, зордук-зомбулук, үй-бүлөлүк чыр-чатак сыяктуу иштерди караганда, мен аял катары ошол үй-бүлөнүн абалына терең кирип, алардын жашоосу менен жашап, ар бир жагдайды жүрөгүм менен кабыл алам. Ал эми эркек судьялар эркек болгондуктан алар жаратылышынан башкача болушат. Алар маселени көбүнчө үстүртөн карашат,” - деди Бакирова.