Жүз миңдеген кыргызстандыктар Россияда иштеп, эки өлкөнүн экономикасына салым кошууда — президент

Президент 26 ноябрь 2025 16:30
Жүз миңдеген кыргызстандыктар Россияда иштеп, эки өлкөнүн экономикасына салым кошууда — президент
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.11.25 /Кабар/. Жүз миңдеген кыргызстандыктар Россияда иштеп, эки өлкөнүн экономикасына өздөрүнүн татыктуу салымын кошуп жатышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Ынтымак Ордодо” Россия президенти Владимир Путин менен кеңири курамдагы жолугушуусунда айтты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө билим берүү, маданият жана миграция саясаты жаатындагы кызматташуу өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

“Россиянын жогорку окуу жайлары Кыргызстандагы жаштар үчүн эң көп талап кылынган окуу жайлардын катарында калууда. Ал эми биргелешкен гуманитардык долбоорлор эки элдин ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана достуктун баалуулуктарын келечек муундарга өткөрүп берүүгө өбөлгө түзүүдө”, — деп кошумчалады Жапаров.