Жылдын мыкты мугалими: Бул кесиптештерим, окуучуларым жана үй-бүлөмдүн дагы ийгилиги

Коом Загрузка... 26 Сентябрь 2025 16:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Элзат Асанованын өздүк архивинен

22-24-сентябрь күндөрү Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" республикалык сынагы өттү. Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан 18 номинация боюнча ат салышкан 111 педагог катышты. Сынакта Түп районунун Долон айылындагы К.Үмүталиев атындагы №22 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова Гран-прини жана "Жылдын мыкты мугалими" наамын жеңип алды. Бүгүн биз жылдын мыкты мугалими менен маектештик.

- Элзат Бакытовна, сиз үчүн "Жылдын мыкты мугалими" болуунун мааниси кандай?

- Жылдын мугалими бул кубаныч жана чоң жоопкерчилик. Бул жеңишке мен жалгыз эмес мени колдогон кесиптештерим, окуучуларым жана үй-бүлөмдүн салымы менен жеттим. Ошондуктан, бул кесипкөй мугалимдер жааматынын жеңиши. Биринчиден, мен үчүн бул сыймыктуу, анткени эмгегимдин акыбети кайтты деп турам. Бул сыйлык мен үчүн гана эмес, жалпы билим берүүдө эмгектенип жаткандардын жеңиши дейт элем.

WhatsApp Image 2025-09-26 at 16.02.16 (3).jpeg

- ⁠Сиз үчүн сынактын эң эсте каларлык учуру кайсы болду?

- Сынактын аягында калыстар тобунун жакшы сөздөрүн айтып, анализ жасагандары эсимде калды. Алардын ар бир сөзүн эске алып, мен кийинки чыгармачыл мугалим болууга, татыктуу мугалим болуума шык жана дем беришти. Ошол сабагымда ар бир окуучунун көздөрү жайнап, калыстар тобу да берилүү менен коруп турганы менин эсимде калды.

— Эмне үчүн мугалимдик кесипти, тагыраагы, кыргыз тили жана адабияты мугалими кесибин тандадыңыз жана педагог болуу чечимиңизге эмне таасир этти?

- Кичинекей чагымдан бери бул кесип менин миссиям окшойт. Өз кесибимди аябай жакшы көрөм. Мага айлык дагы балким бериле турчу белек дагы анчалык баалуу эмес. Ар бир сабак бергенимден ырахат алам, ошол мага баалуу. Кудайга ыраазымын, сүйгөн кесибимден, окуучуларга болгон сүйүүм, жумушума болгон сүйүүм ушул нерсеге жеткизди.

WhatsApp Image 2025-09-26 at 16.02.16 (4).jpeg

- Сынактан жеңишке жеткенден кийинки пландарыңыз кандай?

- Жыйынтыгын айылга келгенден кийин уктум. Мен кыргыз тилчилердин ичинен мыкты тилчи болсом экен деп жатып Гран-приге кандай жетип калганымды өзүм билбей калдым. Бул нерсе мага чынында күтүлбөстүк болду. Таттыктуу мыкты кыргыз тилчи деген наамды алсам экен деп күтүп жаткам. Бирок, Гран-прини укканда өзүмдү жоготуп ийдим, көпкө чейин ишене алган жокмун. Бирок, ошол кубаныч менен бирге эле чоң жоопкерчилик келди.

Негизи мектептен тышкаркы өзүмдүн курстарым бар, мектептин айлыгынан тышкары көп акча таап алсам болот, бирок окуучуларга кирип сабак өткөндөн артык байлык жана рахмат жок. Сабактан чыкканда кадимкидей жыргап чыгам. Кесипке болгон сүйүүмөн эмгегимдин акыбети кайтып жатат. Алдыда көптөгөн пландар бар, мындан дагы мыкты болууга аракет кылам. Окуучулар биздин келечегибиз. Ошол балдарга жакшы билим берип, пайдамды тийгизсем дейм.

WhatsApp Image 2025-09-26 at 16.02.16 (1).jpeg

- Өз жолун жаңы баштап жаткан жаш педагогдорго кандай кеңештерди берет элеңиз?

- Азыр мага айылдагы жаш мугалимдер мыкты болсо болот турбайбы, биздин деле колубуздан келет турбайбы деп жазып жатышат. Аларга стимул бердим десем болот. Ишенимибиз ойгонду дегендер коп болууда. Аларга кеңешим, кесипти сүйүш керек. Ошондо баары жакшы болот. Өз предметиңди билип, окуучуну комиссиядай сезсең, аларга мыкты билим бересиң. 45 мүнөттө сабагыбыздын максатына жетип, мыкты боло алабыз.