Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Агартуу министрлиги 2025-жылдагы “Жылдын мыкты мугалими” республикалык конкурсунун калыстар тобунун курамын түзүү үчүн талапкерлерди кабыл алууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Калыстар тобуна төмөнкү категориядагы талапкерлер катыша алышат:
- Билим берүү тармагындагы ардактуу наамдардын ээлери (“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, “Билим берүүнүн ардактуу кызматкери” ж.б.);
- Педагогика багыты боюнча адистер жана илимий даражага ээ болгон мугалимдер;
- Акыркы үч жылдагы “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун жеңүүчүлөрү;
Калыстар тобунун курамына талапкерлер тиешелүү документтерди (диплом, сертификат ж.б.) беришет.
Мындан тышкары калыстар тобунун курамына “Мастер-класс”, “Сабак” конкурстук сыноолорун баалоо үчүн калыстар тобунун курамын түзүүгө окуткан предмети боюнча адистешкен эксперттерден, бүтүрүүчү класстардын окуучуларынан, жогорку окуу жайлардын студенттеринен жана коомдук өкүлдөрдөн арыздар кабыл алынат.
Калыстар тобунун курамына өзүн өзү сунуштаган талапкерлер dinaraasekova653@gmail.com электрондук почта дарегине паспортунун көчүрмөсүн, кайсы топко талапкер экендиги (чоң калыстар тобуна, кичи калыстар тобуна же предметтик калыстар тобуна) көрсөтүлгөн резюмесин 2025-жылдын 17-сентябрына чейин жөнөтүүгө тийиш.
Калыстар тобунун курамына кошулууну каалагандар 2025-жылдын 17-сентябрына чейин төмөнкү дарекке документтерин жөнөтүшү керек:
Электрондук почта: dinaraasekova653@gmail.com
Тапшырыла турган документтер: паспорттун көчүрмөсү жана кайсы калыстар тобуна (чоң, кичи же предметтик) талапкер болуп жатканын көрсөткөн резюме.
Тандалып алынган талапкерлерге билдирүү 2025-жылдын 20-сентябрына чейин жөнөтүлөт.
Толук маалымат жана жобо менен төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышсаңыз болот:
Токтом: Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтому
Жобо: “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурстарын өткөрүү тартиби