Жыл сайын 150 кыргызстандык Түркияда акысыз дарылана алат

Ден соолук 07 Апрель 2026 12:00
WhatsApp Image 2026-04-07 at 08.59.27.jpeg
666018078_967196432374392_7576727864638171034_n.jpg
667027428_967196372374398_6474929028677404063_n.jpg
663338714_967196415707727_4019539665016714663_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-07 at 08.59.27.jpeg
666018078_967196432374392_7576727864638171034_n.jpg
667027428_967196372374398_6474929028677404063_n.jpg
663338714_967196415707727_4019539665016714663_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулашты. Өзгөчө кыргыз жарандарын Түркияда акысыз квоталардын негизинде дарылоого жөнөтүү программасын ишке ашырууга басым жасалды. Эми жыл сайын 150 квота аркылуу кыргызстандыктар Түркиянын мамлекеттик клиникаларында жогорку квалификациялуу медициналык жардамды акысыз ала алышат.

Тараптар ошондой эле медициналык кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Кыргыз тарап ата мекендик адистерди Түркиянын алдыңкы клиникаларында 3 айдан 6 айга чейинки мөөнөттө стажировкадан өткөрүү программаларын мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Стажировкага жөнөтүлө турган адистердин тизмеси жакынкы аралыкта түрк тарапка берилет.

Мындан тышкары, органдарды трансплантациялоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде тажрыйба алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана Режеп Тайип Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк достук ооруканасынын базасында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.