Жыл башынан бери жол кырсыгынан 180 адам каза болду - ЖКККББ

Кырсык Загрузка... 16 Май 2025 18:14
WhatsApp Image 2025-05-16 at 13.59.55.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Жыл башынан бери өлкөдө 2200дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 180 адам каза болду. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыктарынын кесепетинен дагы 3 миңге жакын адам ар кандай жаракат алган.

“Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл жол кырсыктары көбөйүп жатат. Жол кырсыктарынын 91%ы айдоочулардын күнөөсү менен болууда. Мындан 10-15 жыл мурда жол кырсыктары жолдордун абалынан, оңдоп-түзөө иштери, жол чийиндери болбогондуктан катталчу. Бүгүнкү күндө мындай көйгөйлөр жок. Айдоочулар унааны катуу ылдамдыкта, мас абалда башкаргандыктан жол кырсыктары тилекке каршы өсүп жатат”,-деди ал.