Бишкек, 17.05.25. /Кабар/. Жыл башынан бери жалпы пайдалануудагы унаа жолдордун боюнда жайгашкан 1050 мыйзамсыз курулуш демонтаждалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Жумуштар министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары менен Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан аткарылып, азыркы тапта да иш активдүү уланууда.
Мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу, болтурбоо жана кырдаалды жөнгө салуу максатында Транспорт министрлиги жолдун бөлүнгөн тилкеси (полоса отвода) жана жол жээгиндеги тилкесине (придорожная полоса) кайдайдыр бир тейлөө объектилерин жайгаштыруудан мурда бардык талаптарды так сактап, мыйзам алкагында иш кылууга чакырат.
Ошондой эле жол жээгиндеги жеке менчик жерлерди сатып алуудан мурда ал жердин багытын өзгөртүү үчүн тиешелүү министрликтерден керектүү уруксат кагаздарын алууга мүмкүн экендигин тактоо керек.
Белгилей кетсек, жол жээгиндеги тилкедеги жеке менчик жана муниципалдык жерлерге гана орнотулган тейлөө объектилерине кирип-чыгуу жолдору үчүн техникалык шарттар Жол чарба департаменти жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилип келет.