Жыл башынан бери Ош шаарында 65 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 22 Октябрь 2025 12:25
567281792_1221121736727217_8888325131059039784_n.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Ош шаарында 65 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, эң көп учурлар турак жай секторуна туура келет. Дал ушул багытта 28 өрт кырсыгы болгон. Дагы 33 учур электр шаймандарын туура эмес пайдалануунун кесепетинен келип чыккан.

Өрт кырсыктарын алдын алуу максатында ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери үймө-үй кыдырып, 4211 турак жайда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө жалпы 15 миң 888 жаран камтылып, аларга өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча кеңири маалыматтар берилген.