Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Курулуш тармагында оң тенденциялар байкалып, көлөмү 29,6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Анда белгиленгендей, дүң жана чекене соода – 12,1%га, ошондой эле айыл чарба – 2,8%га көбөйдү.
2026-жылдын январь-март айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча керектөө бааларынын жалпы өсүшү 3,3%ды түздү. Ошол эле учурда тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 4,3%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары – 3,1%, азык-түлүк эмес товарлар – 0,5%, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери – 5,3%га жогорулады.
Алдын ала баалоолор боюнча, 2026-жылдын январь-март айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 428,6 млрд сомду түздү.