Жыл башынан бери чет өлкөгө ишке орноштурууда 25 алдамчылык фактысы катталган

Коом Загрузка... 10 Июль 2025 15:15
WhatsApp Image 2025-07-10 at 12.41.13.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Жыл башынан бери чет өлкөгө ишке орноштурууда алдамчылык боюнча 25 факты катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет мамлекеттерге ишке орноштуруу борборунун башкы адиси Эсен Эргешов билдирди.

Анын айтымында, учурда чет өлкөгө ишке орноштурууда алдамчылар көбөйүп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү эл аралык шылуундар болууда. Бул бүгүнкү күндө эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири.

“Алар биздин жарандарды чет өлкөдө туруп алдап жатышат. Абдан ишенимдүү маңызда жазышып, жарандарыбызды алдап жатышат. Жазганда жаран ишенбей жатса, алар видео аркылуу чалышат. Бирок, ошондо да алар аны туруп, басып, кыймылдап көр деп текшерүү керек. Себеби, жасалма интелектте азырынча басып, кыймылдоо функциясы жок. Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерге, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө – Германия, Польша, Венгрия, Хорватия жана башка өлкөлөргө жумушка орноштурууда алдамчылык фактылары көбөйгөн. Бизден жумушка орноштуруу боюнча атайын уруксат алып, ишмердүүлүгүн жүргүзгөн агенттиктер бар. Жарандарыбыз мына ушул агенттиктерге барышса абдан жакшы болмок. Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча расмий иш алып барган жеке агенттиктердин тизмеси менен https://migrant.kg/ru/services/employment-agency/ шилтемесинен тактап алууга болот”,-деди ал.

Эргешов кошумчалагандай, алданып жаткандардын көбү улуу муундагылар.

“Бизде жумушка орноштурууда, жумуш берүүчүнүн бардык талаптарын аткарууга туура келет. Көбүнчө жумуш берүүчүлөр 45 жашка чейинки жарандарды талап кылышат. Шылуундар биздин бул системабызды жакшы изилдешкен. Алар 45 жаштан улуу муундагылар да келсе болот деген, жарнамалар менен чакырышууда. Мындан сырткары, улуу муундагылар социалдык баракчаларды дагы колдоно алышпайт. Шылуундар муну жакшы билишет”,-деди ал.