Жыл башынан бери Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын саны өстү

Коом 8 сентябрь 2026 10:35
Жыл башынан бери Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын саны өстү
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Жыл башынан бери Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын саны өстү. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы жалпысынан 9 672 жаран кайрылган.

Ал эми 2026-жылдын сегиз айында кайрылуулардын саны былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 60%га өскөн.

“Бул жарандардын Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү туурасында маалымдуулугунун кеңейишин билдирип, бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү механизмдеринин жеткиликтүүлүгү артканын көрсөтөт”, - деп белгилешти Акыйкатчы институтунан..

Ошондой эле 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүнүн көрсөткүчү 58%дан ашкан.

"Өткөрүлгөн инспекциялардын саны 179дан 811ге чейин көбөйүп, мамлекеттик органдар тарабынан Акыйкатчы институтунун чара көрүү актыларынын жана сунуштамаларынын аткарылышы 93%га жеткен", - деп айтышты Акыйкатчы институтунан.