Жыл аягына чейин өлкө аймагында 19 чакан ГЭС курулуп, пайдаланууга берилет

Экономика Загрузка... 04 Март 2025 12:35
WhatsApp Image 2025-03-04 at 09.09.14.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Жыл аягына чейин өлкө аймагында 19 чакан ГЭС курулуп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Биринич радионун” түз эфиринде "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, Лейлек районунда “Лейлек” ГЭСи, Кадамжай районунда “Кожокайыр” 0,3 мегаваттык ГЭСи, Алай районунда “Алай” 4,4 мегаваттык гидроГЭСи, Кара-Кулжа районунда “Бугай”, ГЭСи жана “Көндүк” ГЭСи, Кара-Суу районунда “Адыл-Уңгур” 0,85 мегаваттык ГЭСИ, Токтогул районунда “Авлетим” ГЭСи жана “Кара-жыгач” ГЭСи, Бакай-Ата районунда “Ленинполь” ГЭСи, Москва районунда “Санарип”, Ысык-Ата районунда “Ысык-Ата 2” жана “Аманат”, Чүй районунда “Шамшы”, “Кең-Төр”, “Карагай-Булак 1” жана “Карагай-Булак 2”, Сокулук районунда “Сокулук 3”, “Туюк”, Аксуу районунда “Бозучук” ГЭСтери курулат.

“Баарынын жалпы кубаттуулугу 63,9 мегаватт болот. Бул электр энергиясын өндүрүүгө жакшы салым”,-деди ал.