Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим чакан ГЭСинин курулуш иштеринин 50 пайызы аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, чакан ГЭСтин суу тосмосу курулуп бүтүп, 2025-жылдын июль айында ишке берүү пландалууда.
Белгилей кетсек, быйыл өлкө аймагында ишке берилүүчү 18 чакан ГЭСтин бири ушул Авлетим ГЭСи. Авлетим менен Кара-Суу дарыяларынын кошулган жеринде курулуп жаткан бул ГЭСтин кубаттуулугу 2.6 МВт. 2023-жылы Аксы районунун Кара-Жыгач айыл аймагында курулушу башталган бул чакан ГЭС ишке берилсе жергиликтүү калктын кошумча электр муктаждыктарын жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. ГЭС курууга бул жердин тандалып алышынын себеби, дарыянын нугу жакшы, электр энергиясын өндүрүүгө чоң потенциал бар. Аймакта электр энергиясы тартыш болгондуктан, облуста курулуп жаткан жана ишке кирген чакан ГЭСтер электр энергияны үнөмдөөгө абдан чоң мүмкүнчүлүк берип, Токтогул ГЭСи өндүргөн кубаттуулукка көмөкчү болот. Негизи эле ар бир райондогу чакан ГЭС ошол жердеги бир айыл өкмөттү электр энергиясы менен камсыздап, жергиликтүү керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон муктаждыгын жеринде чечүүгө шарт түзөт.

Энергетика тармагынын ардагери Чоробай Акунов Авлетим ГЭСин эл үчүн туура пайдаланса мааниси чоң экенине, криптовалюта үчүн пайдаланса менчик ээсине гана пайда алып келээрин маалымдады.
Ал эми энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков “Кабар” маалымат агенттигине билдирген пикиринде, чакан ГЭСтер район же айыл үчүн зарыл болгон электр энергиясынын көлөмүн иштеп чыгып, ошону менен бирге сууну үнөмдөө болооруна токтолгон.

"Биз инвестор катары жергиликтүү жарандардын болушуна басым жасап жатабыз. Жакшы жагы бул чакан ГЭСтер учурда болгон суу менен эле иштей берет. Дарыяларга бизде болгон суунун жардамы менен электр энергиясын өндүрө турган жабдуулар жана курулуштар орнотулат. Эң башкысы - чакан ГЭСтер район же айыл үчүн зарыл болгон электр энергиясынын көлөмүн иштеп чыгып, сууну үнөмдөө жүрөт. Чакан ГЭСтер республиканын ири гидростанцияларына керектүү көлөмдөгү сууну топтоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле жергиликтүү деңгээлде өлкөнүн электр энергиясына болгон көз карандысыздыкка ээ болушуна салымын кошот", - деди Садыков.
Ошондой эле министрликтин өкүлү чакан ГЭСтер аймактык артыкчылыкка ээ болуп, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга жана үнөмдөөгө жардам берээрин кошумчалады.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков апрель айында социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиргендей, 2025-жылы 18 чакан ГЭС ишке кирсе, жалпы электр энергиясын өндүрүү 385 млн 200 кВт/с түзөт. Жалал-Абад облусунда быйыл Авлетим ГЭСинен тышкары, кубаттуулугу 1 МВт Кара-Жыгач ГЭСи менен 4.75 МВт кубаттуулуктагы Аксый ГЭСтерин ишке берүү пландалууда. Ал эми 2026-жылы Майлы-Суу жана Кара-Көл, 2027-жылы Чандалаш, Сары-Таш чакан ГЭСтерин ишке киргизүү мерчемделүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун март айындагы билдирүүсүндө маалым болгондой, жалпы республика боюнча бүгүнкү күндө 40 чакан ГЭС иштеп жатса, 37 чакан ГЭСтин курулушу башталган.
“Бизде кубаттуулугу 142 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз болсо, бүгүнкү күндө биз 14 миллиард кВт саат гана электр энергиясын иштеп чыгып жатабыз. Мүмкүнчүлүгүбүздүн 10 пайызын гана колдонуп келебиз. Сууларыбыз жөн эле агып кетип жатат. Өзүбүз суу башында олтуруп алып, башка өлкөлөрдөн электр энергия сатып алганыбыз - өтө уят иш”, - деп билдирген президент.
Адистер да Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жогору экенин дайыма белгилеп келишет. Ошондуктан ар бир жергиликтүү бийлик аймагында курулуп жаткан чакан ГЭСтерге менчигинин түрүнө карабастан колунан келген жардамын көрсөтүшү керек.