Патент жана каттоо: Ошто эмгек мигранттарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 28 Июль 2026 17:50
758328722_1383843527267874_3745171773218520915_n.jpg
759281651_1383843617267865_1988379378479472057_n.jpg
758588506_1383843407267886_3329126938189542560_n.jpg
758501573_1383843457267881_5337300707349168967_n.jpg
758501498_1383843720601188_7574648054800593952_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Ош шаарында чет өлкөлүк эмгек мигранттарына Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу эмгектенүүнүн тартиби боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө жумуш визасы, эмгек патенти, убактылуу каттоо, эмгек келишими жана башка уруксат берүүчү документтерди мыйзам талаптарына ылайык тариздөө боюнча маалымат берилди.

Ошондой эле миграциялык мыйзамдарды сактоо, каттоодон өтүү тартиби, салык жана социалдык камсыздандыруу маселелери, эмгек укуктары жана милдеттери тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, катышуучулардын суроолоруна жооптор айтылды.