Жумгалда жол коопсуздугу, кышка даярдык жана соцобъекттер текшерилди

Аймак 138 20 Август 2026 11:10
777882451_1833980328013389_8677857224583840725_n.jpg
778401382_1833980341346721_6100417979921997674_n.jpg
778550969_1833980298013392_2948471166994218813_n.jpg
778565366_1833980374680051_7444771512875549360_n.jpg
777881636_1833980291346726_2565489487540711200_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.08.26 /Кабар/. Күн мурун Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев Жумгал районуна иш сапары менен барып, бир катар маанилүү объектилерди жеринен көрүп, көйгөйлүү маселелерди талкуулап, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, алгач ал Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун райондон өткөн бөлүгүндөгү кооптуу участокторго дөңсөөлөрдү орнотуу боюнча жыйын өткөрдү.

Андан соң Миң-Куш айылындагы Агулак көмүр кесимине барып күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди.

Иш сапар Көк-Ой айылындагы Султан Турусбек уулу атындагы жалпы билим берүү мектебинин спорт залынын жана Лама айылындагы жалпы билим берүү мектебинин курулуш иштерин көрүү менен уланды.

Соңунда президенттин Турукташтыруу фондунун каржылоосу менен Жумгал айыл өкмөтүнө алынган экскаватор жана райондук өнүктүрүү фондунан Миң-Куш айылына алынган суу чачуучу техника тапшырылды.