Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Жумгал районунда өрттөн жабыркаган тургунга 271 миң 532 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү берилди.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын филиалы Мырзабек Эсеналиевге турак жайына келтирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн тиешелүү төлөмдү тапшырды.
Белгиленгендей, 2026-жылдын 8-июнунда электр зымдарынан чыккан өрттүн кесепетинен анын үйүнүн эки бөлмөсү күйүп кеткен. Турак жай алдын ала камсыздандырылгандыктан, чыгымды жабууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Облус башчысы Нурбек Сатаров жарандарга турак жайды камсыздандыруунун маанилүүлүгүн түшүндүрүп, жылына 600 сом төлөө менен күтүүсүз кырсыктардан келген материалдык чыгымдардын ордун толтурууга болорун белгиледи.
Учурда камсыздандыруу төлөмүнүн эсебинен өрттөн жабыркаган үйдү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.