Жумгалда Калкты тейлөө борборунун жаңы имараты курулууда

Аймак Загрузка... 23 Июнь 2026 14:20
1607041.bcb3bd85c56a388abd95a9a91d55f614.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Жумгал районунда Калкты тейлөө борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн райондун активи жана тургундары менен жолугушууда айтты.

Ошондой эле өлкө башчысы Чаек айылынын борбордук көчөсүнүн 7 чакырымына толук курулуш иштери жүргүзүлүп, 4 тилкелүү асфальт басыларын кошумчалады.

"Мындан сырткары, президенттик фонддон 30 миллион сом акча каражатына атайын техникаларды алып берип жатабыз", - деди Садыр Жапаров.