Таза суу менен камсыздоо: Жумгал районуна быйыл 595,6 млн сом бөлүнөт — Кабар

Таза суу менен камсыздоо: Жумгал районуна быйыл 595,6 млн сом бөлүнөт

Аймак 23 июнь 2026 13:20
Таза суу менен камсыздоо: Жумгал районуна быйыл 595,6 млн сом бөлүнөт
copyright icon WWW

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты.

Анда белгилүү болгондой калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо жаатында акыркы беш жылда 379,9 млн сомдук иштер аткарылып, каржылоо 11,5 эсеге көбөйдү.

2026-жылы райондун жети калктуу конушунда жалпы наркы 595,6 млн сом болгон суу менен камсыздоо системаларын ишке киргизүү пландалууда.