Жумгалда калктуу конуштагы жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды

Аймак 02 Июль 2026 14:10
jumgal_valley_2.jpg
733384040_1580760563450849_5739331268134627312_n.jpg
Алдыга
Артка
jumgal_valley_2.jpg
733384040_1580760563450849_5739331268134627312_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Жумгал районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилген калктуу конуштагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 2020-жылы Чаек айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштагы 0,21 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 10 млн 830 миң сом өлчөмүндө бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.