Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты.
Район акими маалымат берип, ирригация тармагында олуттуу жыйынтыктар жетишилгендигин айтты.
Белгиленгендей, 2021–2025-жылдары 1 млрд 18 млн сомдон ашык суммага долбоорлор ишке ашырылып, тармактын каржылоосунун көлөмү дээрлик 94 эсеге өстү.