Жумгалда 2 тоннага жакын кара куурай жок кылынды

Аймак Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 15:20
749076944_1363646655744523_706894015967427072_n.jpg
746861837_1437278788207989_4513548834341171291_n.jpg
747168632_1048680367521613_2353265088229654021_n.jpg
748746355_856343140632278_160554285200295278_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын ОИИБ

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Жумгал районунун аймагында курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдү жок кылуу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Нарын облустук милициясынын маалыматына караганда, анын жүрүшүндө район аймагынан табылган жалпы салмагы 2 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай белгиленген тартипте өрттөлүп, жок кылынды.

Мындай иш-чаралар баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.