Жумгалда 1,8 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 07 Июль 2025 11:23
WhatsApp Image 2025-07-07 at 11.13.24.jpeg
5555.jpg
WhatsApp Image 2025-07-07 at 11.13.23.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-07 at 11.13.23 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-07 at 11.13.24.jpeg
5555.jpg
WhatsApp Image 2025-07-07 at 11.13.23.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-07 at 11.13.23 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Жумгалда 1,8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКнын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Жумгал райондук мамлекеттик Агрохимиялык бирикмесинин мурдагы "Химиялык айыл чарба" ишканасына (Химия) тиешелүү болгон 1,8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

СССР кезинде "Химия" Жумгал районунун айыл чарба муктаждыктары үчүн химиялык жер семирткичтерди өндүрүү менен алектенген.

СССР тарагандан кийин "Химия" "Жылдыз" акционердик коому болуп кайра түзүлүп, анын директору болуп Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну И.И. шайланганы аныкталды.

1996-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун менчик укугу жөнүндө күбөлүгүнүн негизинде ишкананын мүлкү көрсөтүлгөн АКтын балансына өткөрүлүп берилген.

2006-жылдын январында "Жылдыз" АК "Жылдыз-Сервис" ЖЧКсына кайра түзүлгөн жана белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин бул ишкананын мүлкү банкрот деген шылтоо менен ЖЧКнын жетекчилиги тарабынан И.И.нин атынан сатылып кеткен, жыйынтыгында аймак кароосуз калган.

"Жылдыз-Сервис" ЖЧКсынын кайтарылган жер тилкеси тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын балансына өткөрүп берилди.